Улуттук банк жаңы коллекциялык тыйындарды чыгарат

5 ноября 2019, 12:10

КР Улуттук банк коллекциялык 1 сом жана 10 сом күмүш тыйындары чыгара тургандыгын маалымдайт. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирет. 

«Кыргыз каганатынын доору» сериясынын «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы» жана «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» коллекциялык монеталар кыргыз элинин маданий баалуулуктарын жана рухий дөөлөттөрүн даңазалоо жана жайылтуу максатында чыгарылган. 

Бардык коллекциялык монеталар Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.