Улуттук банк валюта рыногуна 44,8 млн доллар сатты

16 октября 2023, 19:04

16-октябрда Улуттук банк Кыргызстандын валюта рыногуна быйыл 14-ирет интервенция жасап, 44,8 млн доллар сатты. Бул быйылкы жылдагы эң ири суммадагы интервенциялардын бири.

Улуттук банк бүтүндөй сумманы эсептешүү менен бүтүм жасалган күндөн башка күнгө саткан.

Кошумчалай кетсек, 5-октябрда Улуттук банк Кыргызстандын валюта рыногуна 27 млн 150 миң доллар саткан.