Улуттук банк 38 млн $ сатып, кезектеги интервенцияны өткөрдү

5 февраля 2021, 09:10

Улуттук банк үстүбүздөгү жылдын 4-февралында валюта рыногуна экинчи ирет интервенция менен чыкты. Бул ирет банк 38 млн доллар сатты. 

 

2021-жылдын алгачкы интервенциясында Улуттук банк 45.7 млн доллар саткан - бул 2020-жылдын март айынан кийинки эң ири интервенция болуп эсептелинет. 

Кошумчалай кетсек, 5-январдын таңында коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлар валютаны 84.9 сомдон сатышып, 84.75 сомдон сатып алышууда. Официалдуу курс 84.795 сом.