Катар менен Кыргызстандын Улуттук банктары өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту

7 июня 2023, 11:42

Бүгүн, 7-июнда кыргыз-катар мамилесин жакшыртууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Кол коюу Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жолугушуусунун алкагында болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү эки тараптуу документтерге кол коюлду:

  • Ветеринария жана өсүмдүк өстүрүү тармагында макулдашуу;
  • Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча меморандум;
  • Эки өлкөнүн Улуттук банктарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Ошондой эле Катардын эмири гидроэнергетика, инфраструктура жана туризм сыяктуу экономикалык тармактарда кызматташууга өзгөчө кызыктар экенин билдирди.