Улуттук банк эки валюта сатуучуга айып пул салды

5 сентября 2023, 14:02

Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн эки жаранга айып салынды. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.

Белгилеп кетсек, ар бирине 17,5 миң сомдон айып салынып, жалпы сумма 35 миң сомду түзгөн.