Улуттук банк бир нече акча алмаштыруу жайларынын лицензиясын токтотту

14 февраля 2024, 12:58

Улуттук банк 13-февралдан 27-февралга чейин үч акча алмаштыруу бюросунун лицензиясын убактылуу токтотту. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. 

Алар “Альфа М Кэш”, “Амир-Умар” жана “Упай” акча алмаштыруучу жайлары.

Бул чаралар өлкөнүн мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга байланыштуу көрүлгөн.