Улуттук онкология жана гематология борбору 22,6 млн сомго дары-дармек сатып алат

20 января 2023, 15:30

Улуттук онкология жана гематология борбору дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Тендердин баасы 22 миллион 598 миң 500 сомду түзөт. Лоттордун тизмесине гепарин, преднизолон, фентанил, тримеперидин, кетамин жана башка дарылар кирет.

Жеткирүү талап боюнча 14 күндүн ичинде жүргүзүлүшү керек.