Баткен облусун жарык менен камсыздоо иштери башталды

19 сентября 2022, 11:56

Бүгүн, 19-сентябрдан тарта Баткен облусунда электр жарыгын берүүнү жандандыруу боюнча активдүү иштер башталды. Бул тууралуу Улуттук энергетика тармагынын басма сөз кызматы билдирди.

Компаниянын маалыматы боюнча, 32 конушта 10 миң үй электр энергиясыз калган.

Белгилеп кетсек, Тажикстандын куралдуу агрессиясынын натыйжасында Баткен облусунун инфраструктурасы жабыркаган.