Каржы кызматынын жетекчиси өзүнүн эсебине дээрлик миллион сомду мыйзамсыз которгон

5 мая 2022, 15:19

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө бюджеттик каражаттарды ысырап кылуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштердин алкагында Аскердик прокуратура тарабынан аскер бөлүктөрүнүн биринде акчалай алдамчылык фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алсак, Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринде жүргүзүлгөн прокурордук текшерүүнүн алкагында каржы кызматынын жетекчисинин жеке эсебине бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз которуу фактысы аныкталды.

Мамлекетке 965 миң сомдук зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу”, 337- берене, “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ошондой эле 346-“Кызматтык жасалмачылык” боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери уланууда.