"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасы 34,5 миллион сомго күйүүчү-майлоочу май сатып алат

20 апреля 2021, 11:40

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" компаниясы күйүүчү-майлоочу май сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Тендердин жалпы суммасы 34 миллион 563 миң сомду түзөт.

Техникалык тапшырмага ылайык, төмөнкүлөр сатылып алынат:

  • 416,8 миң литр АИ-92 бензини;
  • 61,5 миң литр АИ-95 бензини;
  • 273,5 миң литр дизелдик отун.

Товарды Кыргызстандын бардык май куюучу жайларына жеткирүү мерчемделүүдө.