Улуттук банк криптовалютаны жөнгө салат

25 мая 2021, 09:20

Улуттук банк криптовалютаны жөнгө салуу жөнүндө мыйзам иштеп чыкты. Бул тууралуу Аида Карабаева Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев менен түз эфир учурунда билдирди.

Банктын өкүлүнүн айтымында, жакында эле, мекеме жана бизнес өкүлдөрү тарабынан иштелип чыккан криптовалюта жөнүндө мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу аяктады.

Мыйзам криптоволюта менен ар кандай бүтүмдөрдү жүргүзүүнү жөнгө салууга багытталган. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын жарандары буга чейин биткоиндерди сатып алышкан, бирок учурда укуктук базанын жоктугу криптовалюта активдерин тобокелге салууда.

Мыйзам долбоору коомдук талкуудан кийин ведомстволор аралык топ тарабынан кайрадан каралып жатканы маалым болду.