Улуттук банк үч акча алмаштыруучу жайга айып пул салды

6 апреля 2023, 14:48

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузган үч акча алмаштыруучу жайга айып салынып, бир бюронун лицензиясы убактылуу токтотулду.

Алардын ар бирине 55 миң сомдон айып салынды.

Мындан тышкары, 2023-жылдын 6-апрелинен 15-апрелине чейин Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн Жалал-Абад шаарында жайгашкан "Каныкей-Ч.Г." алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду.