Улуттук банк 19,3 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

27 февраля 2023, 17:38

Эртең, 28-февралда Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти.

Баалуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу Улуттук банк банк тутумунан 19,3 миллиард сом алууну көздөп жатат.

Белгилеп кетсек, 2023-жылдын 27-февралында эки жылдык МКОлорду кошумча жайгаштыруу суроо-талаптын жоктугунан болгон эмес.