Улуттук банк 19,5 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

13 февраля 2023, 14:05

Эртең, 14-февралда Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти.

Баалуу кагаздарды жайгаштыруунун эсебинен Улуттук банк банк тутумунан 19,5 миллиард сом алууну көздөп жатат.

Эске салсак, 7-февралда өткөн Улуттук банктын ноталарынын аукциондорунун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталардын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү 10,39%, 11,38%, 12,15% жана 13,61 пайызды түзгөн.