Улуттук банк «Демир Банктагы» кызмат ордуна талапкерди жактырды

23 апреля 2024, 17:44

Бүгүн Улуттук банк “Демир Банк” ЖАКтын ички аудит башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кызматына Наталья Анатольевна Кимдин талапкерлигин жактырды.

Маалыматка ылайык, Наталья Кимдин талапкерлигин банк өзү көрсөткөн. 

Улуттук банк тарабынан талапкерди бекитүү өлкөнүн коммерциялык банктарындагы жетекчи кызматтарга дайындоонун милдеттүү жол-жобосу болуп саналат.