Улуттук банк эки акча алмаштыруучу жайга айып пул салды

16 ноября 2022, 09:09

Улуттук банк эки акча алмаштыруучу жайга айып пул салды. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.

Ага ылайык, айып пулдун суммасы 55 миң сомду түзөт. Айып пулдун салынышынын себеби өлкөнүн мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга байланыштуу. 

Кошумчалай кетсек, буга чейин көзөмөлдөөчү орган Бишкектеги беш акча алмаштыруу жайдын лицензиясын токтотуп, бирөөнүн нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугунан ажыраткан жана лицензиясын жокко чыгарган.