Улуттук банк валюта базарына 35 млн доллар сатты

14 марта 2023, 08:45

Кечээ, 13-мартта Улуттук банк интервенция менен кайрадан валюта рыногуна чыкты. Бул жөнгө салуучу орган тарабынан быйыл АКШ долларын бешинчи ирет сатуусу.

13-мартта Улуттук банк ички валюта рыногуна 35 миллион доллар сатты. Бул жыл башынан бери жөнгө салуучу орган тарабынан сатылган эң аз сумма. Операциялар америкалык валютанын баасы 87,42 сом менен жүргүзүлдү.

Кошумчалай кетсек, жыл башынан бери Улуттук банк сомдун курсун теңдөө үчүн 262 миллион 170 миң доллар саткан.