Улуттук банк 50 млн сомго мамлекеттик векселдерди жайгаштырат

20 октября 2021, 14:37

Улуттук банк 50 миллион сомго мамлекеттик казына векселдерин жайгаштырууну көздөп жатат. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылды.

Жайгаштыруу мөөнөтү 12 ай болот. Купондук төлөмдөр келерки жылдын октябрь айынын аягында төлөнөт.