Улуттук банк 20,3 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

13 марта 2023, 14:10

Эртең, 14-мартта Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти.

Аукционго 20 миллиард 300 миллион сом коюу пландалууда.

Эске салсак, Улуттук банктын ноталарынын 7-марттагы аукциондорунун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталардын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 10,40%, 11,34%, 12,36% жана 13,52 пайызды түзгөн.