Улуттук банк 6.1 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

6 ноября 2020, 12:50

11-ноябрда 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарды жайгаштыруу боюнча Улуттук банкта аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу регулятордон маалымдашты. 

  • 7-күндүк — 1.4 млрд сом;
  • 14-күндүк — 2.1 млрд сом;
  • 28-күндүк — 2.1 млрд сом;
  • 91-күндүк — 500 млн сом.

Андан сырткары эскерте кетсек, бүгүн 400 млн сомго беш жылдык мөөнөттүү мамалекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт.