Казакстандын Улуттук банкы 11-январга карата казак теңгесинин курсун жарыялады

10 января 2022, 15:38

Казакстандын Улуттук банкы 11-январга карата теңгенин негизги валюталарга карата расмий курсун жарыялады.

Андагы маалыматка караганда,  АКШ долларынын наркы 431,81 теңге, евро 488,16 теңге жана рубль 5,7 теңгеге бааланган.

Finmarket.ru порталынын маалыматына ылайык, 6-январдан бери теңгенин АКШ валютасына карата расмий курсу өзгөргөн жок (+0,01 теңге).