Улуттук банк KICBнин кызмат ордуна талапкерди жактырды

31 декабря 2021, 12:27

Улуттук банк “Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы” ЖАКтын кызмат ордуна талапкерди макулдашуу боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында жарыяланды.

Тактап айтканда, 30-декабрда Кыргызстандын Улуттук банкы KICBнын башкы бухгалтеринин орун басарлыгына Тумар Папиеванын талапкерлигин жактырды.