Эне жана баланы коргоо улуттук борбору 51 млн сомго дары сатып алат

23 марта 2023, 12:13

Эне жана баланы коргоо улуттук борбору омуртка булчуңдарынын атрофиясын (СМА) дарылоочу каражаттарды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Тендердин жалпы суммасы 51 миллион 590 миң сомду түзөт.

Бардыгы болуп 134 флакон "Рисдиплам" сатып алуу пландаштырылууда. Дарынын бир дозасы дене салмагы 20 килограмм жана андан ашык 2 жаштан жогорку бейтаптар үчүн арналган. Суткалык дозасы 5 миллиграмм, флакондо 60 миллиграмм бар.