Улуттук статистикалык комитет имараттарды оңдоого 10 млн сом жумшайт

4 октября 2021, 09:05

Улуттук статистикалык комитет статистикалык бөлүмдүн жана интеллектуалдык маалымат борборунун имараттарын жана жайларын капиталдык ремонттон өткөрөт.

Буга байланыштуу тендер жарыяланды. Жалпысынан курулуш иштерине 10 миллион сом бюджеттик каражатты жумшоо пландалууда.

Бул суммага Улуттук статистикалык комитетке караган бала бакчаларды, мектептерди жана административдик имараттарды оңдоо да кирет.