ЕАЭБде инфляциянын эң жогорку деңгээли Казакстанда катталды
Ушул жылдын августунда Россиядан башка ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө инфляциянын өсүшү байкалды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин сайтында маалымдалды.
2022-жылдын августунда 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли Беларуста (13,8%) белгиленген. Мунун себеби азык-түлүк эмес товарларга баанын 18,2%га жана кызмат көрсөтүүлөргө 9,9%га жогорулашына байланыштуу. Казакстанда азык-түлүк товарларына баалардын максималдуу өсүшү катталды - 18%.