«Накталай эмес салык төлөмдөрүн көбөйтүү керек» — Жапаров

9 февраля 2023, 15:00

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясында аталган мекемеге 2023-жылы накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Анын айтымында Казакстанда накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмү 93-94% жеткен. 

“Кыргызстанда накталай эмес салыктын көлөмү 20%ды түзөт. Бул көрсөткүчтү жогорулатып, 100%га жеткирүү керек”, - деди ал.

Ошондой эле, ал салык процедураларын фискалдаштыруу боюнча иштерди белгилеп, 2022-жылдын ичинде контролдук-кассалык машиналарды колдонгон ишкерлердин саны дээрлик үч эсеге көбөйгөнүн айтты. 

"Учурда 65 миңден ашык ишкер субъектилер контролдук-кассалык аппараттарды колдонот. Биз салык төлөөнү үйрөнүшүбүз керек. Салыктар "жакшылык айлампасы" деп аталат, анткени каражаттар андан ары эмгек акыны, пенсияларды, жөлөкпулдарды көтөрүүгө, инфраструктурага, экономиканы өнүктүрүүгө жана коопсуздукту чыңдоого инвестиция салууга жумшалат", - деди өкмөт башчы. 

Кошумчалай кетсек, 2022-жылы салыктарды чогултуудан жөлөкпулдар 2 эсеге көбөйүп, бюджеттик мекемелердеги кызматкерлердин эмгек акысы жогорулаган.