2020-жылы кыйыр салыктардын көлөмү 25 млрд сомдон ашты

10 февраля 2021, 14:00

2020-жылы импорттун эсебинен мамлекеттик казынага түшкөн кыйыр салыктардын көлөмү 25 млрд 227.3 млн сомду түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын сайтында маалымдалат. 

 

Белгилей кетсек, жалпы суммадан 17 млрд 441.6 млн сом импорттук КНСтин эсебинен жана 7 млрд 815.7 млн сом импортко акциздик салыктын эсебинен түшкөн. 

Мындан тышкары, өткөн жылы товарларды каттоо пункттарында ЕАЭБ мамлекеттеринен 155 миңден ашуун импорттук товарлардын коштомо кагаздары берилген.