Салык төлөөчүлөр милдеттүү түрдө электрондук эсеп-фактураларды колдонууга өтөт

18 ноября 2019, 11:05

2020-жылдан тартып КНС (салык) төлөөчүлөр, импорттоочулар жана экспорттоочулар милдеттүү түрдө электрондук эсеп-фактураларды колдонууга өтөт.

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын башынан тартып бардык КНС төлөөчүлөр жана импорттук-экспорттук операцияларды жүзөгө ашыруучу субъекттер милдеттүү түрдө электрондук эсеп-фактураларды колдонууга өтөөрүн маалымдайт.

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы электрондук эсеп-фактураларды колдонууга өтүүгө күн мурунтан даярданууга чакырат. Бул үчүн алар электрондук документ түрүндө эсеп-фактураны колдонуу боюнча пилоттук долбоорго кошула алышат. Мындан тышкары, алдын ала квалификациялуу электрондук кол тамга алыш керек.

Электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор Кыргызстанда 2019-жылдын 1-июлунан тартып ишке киргизилип, жыл аягына чейин иштээрин эскерте кетели. 2020-жылдын башынан тартып электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча милдет жогоруда көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөргө жүктөлөт.

Кеңири маалыматты Салык кызматынын www.sti.gov.kg расмий сайтынан же 1240 телефону аркылуу алууга болот.