Салык кызматы: бардык соода түйүндөрү патент менен иштешет

3 декабря 2019, 10:42

Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаевдин 2-декабрда бюджет жана финансы боюнча шаардык кеңештин комиссиясынын жыйынында, Бишкектеги соода түйүндөрүнүн жарымы патенти жок иш алып барат деген билдирүүсүн жокко чыгарды. 

Белгилей кетсек, Бишкекте 32 соода борбору, 3070 соода түйүндөрү бар. Анын ичинен патент боюнча иштегендер - 2 миң 456, бирдиктүү салыктын негизинде иш алып баргандар - 114, жалпы режимде - 496, келишимдин негизинде иштегендер - 4 субъект.

Бул маалыматтарды уккан  биринчи вице-мэр керектөөчү товарларга болгон талаптын жогорулаганы менен, салыкта эч кандай өзгөрүүлөр жок экендигин белгиледи.