Салык кызматынын кызматкерлери коронавирус менен каршы күрөшүүгө 2.3 млн сом которушту
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери бир күндүк эмгек маяналарын коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын эсепке которушту.
Которулган жалпы сумма 2,3 млн сомду түздү.
Эске сала кетсек, 31-мартка карата коронавируска каршы күрөшүү боюнча ачылган эсепке түшкөн сумманын көлөмү 69.5 млн сомду түзгөн.