Салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча планды 674,7 млн сомго ашык аткарды
Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын тогуз айында 27 миллиард 924,7 миллион сомдук камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул белгиленген пландан 674,7 миллион сомго көп, же өсүү темпи 102,1%ды түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Сентябрда эле бюджетке камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 3 миллиард 194,6 миллион сом түштү (планга+ 1,4%). Мында 2020-жылга салыштырмалуу кирешелердин өсүшү 19%, же 4,4 млрд сом болду.