Мамлекеттик салык кызматы ишканалардан онлайн режиминде отчетторду тапшыруу үчүн электрондук кол тамгаларды алууну суранат

13 января 2022, 14:58

Дыйкан жана фермердик чарбалардан тышкаркы уюмдар 2022-жылдын январынан тартып салык отчетторун квалификациялуу электрондук кол тамгасы коюлган электрондук документ түрүндө берүүгө милдеттүү түрдө өтүшүүдө.

Бул мөөнөт салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө берүүгө өтүүнүн тартиби жана мөөнөттөрүнө ылайык белгиленген. Буга байланыштуу мамлекеттик салык кызматы уюмдарды квалификациялуу электрондук кол тамганы адистештирилген операторлордон алууга чакырат.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 1-апрелинен тартып уюмдар салык отчетун электрондук түрдө “жеке кабинети” аркылуу тапшырып келишүүдө.