Салык кызматы планшеттерди сатып алууга 17,5 млн сом жумшайт

8 декабря 2021, 10:08

Мамлекеттик салык кызматы планшеттерди сатып алууга тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталында жайгаштырылган.

Белгиленгендей, 350 планшет сатып алууга 17,5 миллион сом, же ар бир гаджет үчүн 50 миң сомдон сарптоо пландалууда.

Планшеттерди жеткирүү январь айынын аягына чейин Салык кызматынын борбордук имаратында жүргүзүлүшү керек.