Транспорт салыгын төлөбөгөндөр текшерилүүдө

20 сентября 2021, 11:11

Мамлекеттик салык кызматы Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте транспорт салыгын төлөбөгөн автоунаа ээлерин аныктоо боюнча рейддик иш-чара өткөрүүдө.

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы быйыл транспорт салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда бүткөнүн эске салды

"Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 2 миң сом өлчөмүндө административдик айып каралган. Мындан тышкары, салыкты кечиктирген ар бир күн үчүн туумдар алынат", - деди министрликтин басма сөз кызматы.

"Белгилей кетсек, рейддер салык төлөөдөн качкандарды жазалоо үчүн гана эмес, калк арасында түшүндүрүү иштери катары жүргүзүлөт", - деп кошумчалады Мамлекеттик салык кызматы.