Салык кызматы январь айында бюджетти 8,6 млрд сомго толуктады

31 января 2022, 09:02

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын январь айы үчүн салыктарды чогултуу боюнча белгиленген планды ашыгы менен аткарышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

30-январга карата Мамлекеттик салык кызматы республикалык бюджетке 8 млрд 574 млн сом салык жыйнаган. Белгиленген план 106,4 %га, же 514,6 млн сомго жогору аткарылган.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 3 млрд 436,1 млн сомго көп чогултулган (өсүү темпи 166,9%).