Салык кызматы январь айында 10,3 млрд сом жыйнады

1 февраля 2022, 12:47

2022-жылдын январь айында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 10 млрд 326,2 млн сом салык жыйнады. Бекитилген план 106,4 пайызга аткарылды же 620,1 млн сомго ашык чогултулду.

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын январь айына салыштырмалуу салыктар 3 млрд 770,2 млн сомго көп жыйналды же өсүү темпи 157,5 %ды түздү.

Кошумчалай кетсек, бир күн мурун министрлер кабинети бюджетти толуктоо боюнча маалымат таратып, анда 30-январга карата салык кызматы республикалык бюджетке 8 млрд 574 млн сом салык жыйнаганы айтылган.