Быйыл он айда бюджетке 165,8 млрд сом салык түштү

10 ноября 2022, 11:22

Салык кызматы быйыл январь-октябрь айларында 165 миллиард 869,1 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 48,9 миллиард сомго көп.

Анын ичинен 125 млрд 287,2 миллион сому салык жана төлөмдөр жыйналды. 

“Белгиленген план 100% аткарылды. Быйыл былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39 миллиард 517 миллион сомго көп салык чогултулду. Өсүү темпи 146, 1%ды түздү”, - деп айтылат маалыматта. 

Чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү 40 миллиард 581,9 миллион сомду түздү. План 102,6 процентке аткарылды. Былтыр, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9 миллиард 434,2 миллион сомго көп чогултулган. Өсүү темпи 130,3%ды түздү.