Кыргызстандын салыктык түшүүлөрү 1,5 эсеге өсүп, 104 млрд сомдон ашты

28 июля 2022, 09:16

Алты айда Кыргызстанда 104 миллиард 543,6 сом салык жыйналды. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Акчанын басымдуу бөлүгү, 72,8 миллиард сому Мамлекеттик салык кызматы аркылуу мамлекеттик бюджетке түшсө, калган 32 миллиард сомго бир аз жетпеген сумма Бажы кызматы тарабынан өндүрүлгөн.

Белгилеп кетсек, 2021-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу бюджеттин салыктык кирешелери 66,4 млрд сомдон 1,5 эсеге көбөйгөн. Мында өсүш негизинен Мамлекеттик салык кызматынан түшкөн кирешелердин көбөйүшү менен шартталды.