Салыктык жеңилдиктерден улам бюджетке 25 млрд сомдой акча түшпөй калууда

1 апреля 2021, 16:32

Өкмөт башчы бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүнү көздөйт. Салык жеңилдиктерден улам мамбюджетке 25.5 млрд сомго жакын каражат түшпөй калып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында премьер-министр Улукбек Марипов билдирди. 

 

Анын айтымында, мындай тенденция экономиканын көптөгөн секторлорунда байкалууда. 

«Ар түрдүү салык жеңилдиктерден улам мамлекет 25.2 млрд сомдон куру жалак клууда. Бажы тармагына эле 5.2 млрд сомго жеңилдик берилген. Мисалы, өлкөгө дары-дармек алып келген импорттоочу-компанияларга 1.4 млрд сомго чейин жеңилдиктер берилген. Мындай жеңилдиктер өзүнүн эффективдүүлүгуүн көрсөтө алган жок, себеби дары-дармектин чекене баасы коңшу өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу 2-3 эсеге жогору болуп жатты. Берилген жеңилдиктерге карабастан эмне үчүн жарандар дарыны кымбат баада сатып алышы керек? - деген суроо туулат экен», — деп билдирди Марипов. 

 

Ушундай эле көрсөткүч айыл чарба тармагында дагы бар экендигин өкмөт башчы билдирди. Анын айтымында, фермерлер продукцияны эн төмөн баада өндүрүп, андан соң ортомчулар кымбат баа менен сатышууда.