Төлөм терминалдар аркылуу 277 млн. сомго салык төлөнгөн

14 октября 2019, 16:30

Кыргызстанда төлөм терминалдар аркылуу 250 миңден ашык төлөм жүргүзүлгөн. Терминалдан төлөнгөн салыктын суммасы 279.5 млн. сомго жеткен. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет. 

2019 – жылдын январь-сентябрь айларында терминал аркылуу 304 миңден ашуун салык төлөмү 356.9 млн. сомго жүргүзүлгөн. Өткөн жыл менен салыштырып караганда төлөм 26.3 миңге т.а. 40.5 млн. сомго көп жүргүзүлгөн. 

Банкомат аркылуу 15.9 миң төлөм 17.3 млн. сомго, веб-касса аркылуу – 8.9 миң төлөм 40.8 млн. сомго, интернет-банкинг аркылуу – 14.9 миң төлөм 11.9 млн. сомго, мобилдик банкинг – 10.8 миң төлөм 6.5 млн. сомго, электрондук капчык – 3.3 миң төлөм 2.6 млн. сомго жүргүзүлгөн.