Нарын аэропорту 90 млн сомго оңдолууда

10 марта 2023, 09:34

Нарын аэропортун реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди. 

Маалыматка ылайык, учурда жүргүнчүлөрдү кабыл ала турган аэровокзалдын жаңы имараты курулууда. 

“Манас” эл аралык аэропортунун эсебинен 90 миллион сомго салынып жаткан курулуш апрель айында бүткөрүлөт”, - деп айтылат маалыматта. 

Андан кийин аба майдандын учуп-конуу тилкеси оңдолуп, аба каттамдары ачылат. 

Нарын аэропорту 1964-жылы ишке кирген. Бирок 1990-жылдардан тарта аба каттамдары токтогон.