Нарын облусунда дары-дармектердин запасы жетиштүү

6 мая 2020, 14:45

Нарын облусунда дары-дармектердин запасы жетиштүү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Мурат Алиаскаров билдирди.

Анын айтымында, учурда облус боюнча 103 адамдан коронавирус аныкталса, алардын бешөөнөн гана клиникалык белгилер байкалган.

«Азыркы убакта Нарын облусу боюнча дары-дармек жана медициналык жабдуулар жетиштүү. Бул боюнча эч кандай маселе жок», — деп кошумчалады ал.