Нарын менен Ысык-Көлдө суу сактагычтар курулат

27 февраля 2024, 13:26

“Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү” долбоорун алкагында Тоң районунун Үч-Коргон, Кочкор районунун Шамшы жана Жумгал районунун Түгѳл-Сай аттуу аймагында үч суу сактагыч курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. 

Ошондой эле, министрлик Тоң, Жети-Ѳгүз, Кочкор, Жумгал райондук суу чарба башкармалыктарына сугат системаларын тейлөө үчүн атайын техникалар тапшырылганын билдирди. 

“Аталган техникалардын жалпы сумма 87,0 млн. сомду түздү”, - деп айтылат маалыматта.