Нарын облусунда 103,5 чакырым жолго асфальт төшөлөт

18 мая 2023, 09:46

Быйыл Нарын облусунда жалпы 103,5 чакырым жолго асфальт төшөө пландалууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен капиталдык салымдар беренесинен 50,9 чакырым, титулдук тизмеден 34 чакырым жана демөөрчүлөр тарабынан 18,5 чакырым жол оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

"Учурда жумуштар башталып, Нарын шаарынын 44 ички көчөлөрүндө, Нарын аэропортунда, Нарын – Баетов жана Сары-Булак – Арчалы – Оорук-Там унаа жолдорунда капиталдык ремонт иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Нарын районунда 7,2 чакырым, Нарын шаарында 29,2, Ак-Талаа району боюнча 40, Ат-Башы району боюнча 17,5, Кочкор району боюнча 3, Жумгал району боюнча 6,5 чакырым жол оңдолот.