Нарын облусунда фитосанитардык лаборатория курулууда

5 февраля 2020, 10:00

Учурда Нарын облусунда фитосанитарык лабораториянын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу КР Айыл-чарба министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, келечекте Жалал-Абад жана Баткен облустарына дагы үч лаборатория куруу пландалууда.

Ошондой эле министр азыркы учурда Кыргызстанда фитосанитардык сертификаттарды берген, аккредитациядан өткөн төрт лаборатория иштеп жаткандыгын билдирди.

«Биз продукцияны ар кандай мамлекеттерге экспорттойбуз, алардын 62 биздин сертификаттарды тастыктаган. ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринин бирдиктүү сертификаттары бар, продукцияны экспорттоодо биз анын маркировкасына, таңгагына көңүл буруп, анын сапатына басым жасообуз керек»,-деп эсептейт министр.

Мекеме жетекчиси азыркы учурда коронавирустун айынан чек ара жабылган Кытай мамлекети менен соода алмашууда көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн деп билдирди.