Нарында мамлекеттик ипотека менен үйлөрдүн курулушу башталды

16 апреля 2024, 13:45

Нарында мамлекеттик ипотека менен үйлөрдүн курулушу башталганын президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Шаарда биринчи жолу төрт блоктон турган тогуз кабаттуу үйлөр курулат, анда жалпысынан 216 батир болот.

Курулушту ушул жылдын ичинде аяктоо пландалууда. Батирлерге электрондук кезекте тургандар ээ боло алышат.