Нарындагы медиктерге кенемте төлөө үчүн 15 млн сомдон ашык каражат бөлүндү
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Нарын облусундагы медиктерге кенемте төлөө үчүн 15 млн сомдон ашык каражат которду. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.
«ММК фонду 2020-жылдын август айында Нарындагы 1 миң 204 медицина кызматкерине компенсациялык төлөмдөр үчүн 15 млн 605 миң 100 сом которду. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн», - деп айтылат билдирүүдө.