Нарынга 168,6 млн сомго мектеп куруу пландалууда

10 ноября 2023, 15:50

Нарын шаарына 375 окуучуга ылайыкташкан мектеп куруу пландалууда.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, тендер Архитектура, курулуш жана турак жай чарба мамлекеттик агенттигинин облустук башкармалыгы тарабынан жарыяланды.

Курулуш үчүн пландалып жаткан сумма 168 млн 611 миң 282 сомду түзөт. Тендерге катышуу боюнча билдирүү калтыруунун мөөнөтү 24-ноябрга чейин.