Нарынга 270 млн сомдук жаңы атайын техникалар тапшырылды
Нарын облусундагы 27 айыл өкмөткө 270 млн сомдук 44 даана жаңы атайын техникалар берилди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Белгилеп кетсек, Нарын облусунда “AGRO – 2024” форуму өттү. Форумдун алкагында айыл чарба жарманкеси уюштурулуп, жаңы атайын техникалар берилди.
Техникаларды президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов тапшырды.