Нарынга 76 млн сомго электр автобустары сатылып алынат

19 мая 2023, 10:12

Нарын шаарында көчөлөр оңдолуп бүткөндөн кийин электр автобустары иштеп баштайт. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов билдирди.

Анын айтымында, автобустарды сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. Бирок жергиликтүү бийлик транспортту заводдон түз сатып алуунун жолун табышкан. 

“Электробустарды ортомчуларсыз түз сатып алууну чечтик. 5 автобуска бөлүнгөн каражатка 7 автобус сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”, - деди ал.

Белгилеп кетсек, Нарынга электр автобустарын сатып алууга республикалык бюджеттен 76 млн. сом бөлүнгөн.